Пакистанда ысыктын кесепетинен миңдеген адамдар ооруканага жаткырылып, жүздөй адам каза болду. Өзгөчө өлкөнүн эң ири шаары Карачиде курман болгондор көп катталган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, шаарда абанын температурасы +40 градустан ашып, бирок нымдуулуктун жогорулугунан улам ысык +50 градуска чейин жеткен.
“Жөнөкөй күндөрү Карачи шаардык өлүкканага күн сайын 30-40 адамдын сөөгү келчү. Бирок акыркы алты күндө алардын саны 568ге жетти, шейшемби күнү эле 141 кишинин жансыз денеси келген. Алардын көбү шаардын жакыр аймактарынан”, - деп билдирген маалыматта.
Мындан тышкары өлүмгө ысык аба ырайы алып келди деген эрте экендигин саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкен. Анткени ооруканага кайрылган жарандар кусуу, диарея жана жогорку температура менен келип түшкөндүгү айтылууда.
Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү Пакистанда аптаптуу ысык каптаган. Бийлик андан жапа чеккен элге жардам берүү үчүн атайын борборлорду ачкан.