Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун "террорчуларды мүмкүн болушунча катаал куугунтуктоо керек" деген пикирине кошулду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
"Ал жерде жашыруун террористтик ишмердүүлүккө катышкандар тууралуу сөз болду. Террорчуларга каршы күрөш элдешкис жана мүмкүн болушунча катаал болушу керек экендигинен эч ким күмөн санабайт", - деген Песков.
25-июнда Кадыров күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги менен жолугушууда террорчулардын үй-бүлөлөрүн жазалайбыз деп коркуткан.
"Бул учурда кандуу өч алуу болорун түшүнүшүбүз керек. Мындан кийин “Билген эмесмин” деген жооптор кабыл алынбайт", - деген Кадыров.
Кадыровдун айтымында, жазадан кутулуунун жалгыз шарты террорчуну тарбиялоого катышпаган жагдайлар болушу мүмкүн, бирок бул тууралуу бийлик билиши керек.