Атланта шаарында АКШнын азыркы президенти Жо Байден менен мурдагы президенти Дональд Трамптын шайлоо алдындагы теледебаттары өттү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, алар саясий кырдаал, өлкөнүн экономикасы, Орусия жана Украина мамилелери жөнүндө сүйлөшүп, бири-биринин жеке жашоосуна чейин ачыкка чыгарып, айтышууга чейин барышкан.
Байден айткан сөздөр:
- Өлкөдө өзүнөн кийин экономикадагы башаламандыкты таштап кеткен деп Трампты айыптады;
- Анын башкаруу учурунда Американын аскерлери өлкөдөн тышкары жерде каза болбогондугун белгилеп, өзүн мындай жетишкендикке жеткен акыркы жүз жылдагы алгачкы президент экендигин билдирди;
- Ал Орусия Украинада жеңишке жетсе, кийинки кадамы менен Беларусту коркута турганын жүйө келтирип, дүйнөлүк согуштун келечегине токтолду;
- Климаттын өзгөрүшү адамзаттын жашоосуна бирден-бир коркунуч алып келе тургандыгын билдирди;
- Атаандашын “алсыз жана ийгиликсиз адам” деп сыпаттады;
- Ошондой эле Трампты аялы кош бойлуу кезинде “ала жипти аттаган” деп күнөөлөдү.
Ал эми Трамп өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолгон:
- Ал Байдендин тушунда АКШ дүйнөлүк аренада кадыр-баркын жоготуп, “дүйнөдө үчүнчү өлкөгө” айланып калганы үчүн айыптады;
- Ал расмий түрдө Ак үйгө кайтып келе электе Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга убада берип, бирок Москва койгон шарттарды кабыл алуу мүмкүн эместигине токтолду;
- Байденди уулу сыяктуу кызматынан кеткен соң кылмышкер болорун айтты;
- Ал эгер Байден шайлоодо жеңсе, "АКШдан эч нерсе калбай турганын" айтып, аны тарыхтагы эң жаман президент катары калаарын билдирди;.
- Трамп өзүн физикалык абалы эң сонун экенине ишендирип, Байденге акыл-эс жөндөмүн текшерүүнү сунуштады;
- Ал учурдагы саясий зомбулукту “толугу менен кабыл алынгыс” деп эсептей турганын билдирген. Бирок шайлоонунун жыйынтыгы кандай болбосун кабыл алууга даярбы деген суроого түз жооп берген эмес.
Дебаттын жыйынтыгы менен АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп дебатта өзүнүн мураскери Жо Байденге караганда көбүрөөк сүйлөгөнүн уюштурган CNN телеканалы статистикага таянуу менен билдирген.
Анда айтылгандай, Трамп 40 мүнөттөн ашыгыраак, Байден 36 мүнөттөн бир аз азыраак сүйлөгөн. Дебаттардын жүрүшүндө Байден убактысы бүтө электе сүйлөбөй калган учурлар көп болгон.
Белгилей кетсек, теледебаттардын экинчи туру 10-сентябрда ABC телеканалында өтөт. Байдендин шайлоо штабы Трамптын үчүнчү тур өткөрүү идеясын четке каккандыгы маалыматта белгиленген.