Перунун түштүгүндө күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды (видео)

Американын Геологиялык кызматынын (USGC) маалыматы боюнча, кечээ, 27-июндун түнү Перунун түштүк жээгинде күчү 7,2 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, жер титирөө Атикипадан 8 чакырым батышта, борбор шаар Лимадан 600 чакырым түштүктө болгон.

Перунун президенти өкмөт кырдаалга мониторинг жүргүзүп, мүмкүн болуучу зыянды баалап жаткандыгын билдирди.

Тынч океандагы цунами жөнүндө эскертүү борбору (PTWC) алгач Перунун кээ бир жээктеринде 1 метрден 3 метрге чейин цунами толкундары болушу мүмкүн экенин эскертти. Бирок кийинчерээк цунами тууралуу маалыматты четке кагып, эскертүүнү жокко чыгарган.

Перудагы жер титирөө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан