Свердлов округу боюнча добуш берүү аяктады. Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыкты

Бишкектеги №29 Свердлов шайлоо округу боюнча добуш берүү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясына автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) 100 пайыз маалыматы келип түштү. Ага ылайык, Жумабек Салымбеков 10 миң 611 добуш менен жеңүүчү деп табылды.

Алдын ала эсеп боюнча ким канча добуш алганы төмөндө:

  • №1 Жумабек Салымбеков - 10 611 добуш (4.61%)
  • №2 Чынгыз Сапарбаев - 777 добуш (4.73%)
  • №3 Милан Турпанов 131 добуш (0.80%Э
  • №4 Ирина Карамушкина 1 928 добуш (11.74%)
  • №5 Алмаз уулу Аскар 2 457 добуш (14.96%)
  • №6 Баарына каршы 374 добуш (2.28%)
Белгилей кетсек,№29 Свердлов шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 5 талапкер ат салышты. Жалпы 122 миң 975 шайлоочунун 16 миң 424ү (13.36%) добуш берди.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде чыгарылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан