Ноокат округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы. Алдыңкы үчтүктө кимдер?

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча добуш берүү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясына автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) 96 пайыз маалыматы келип түштү.

Ага ылайык, Бакытбек Марипов 11 миң 523 добуш (44,99 пайыз) менен жеңүүчү деп табылды.

Алдын ала эсеп боюнча ким канча добуш алганы төмөндө:

№1 Гулнара Дуванаева 360 добуш (1.41%)
№2 Бакытбек Марипов 11 523 добуш (44.99%)
№3 Артыкбай Абдивалиев 4 754 добуш (18.56%)
№4 Бакытбек Ажикулов 627 добуш (2.45%)
№5 Санжарбек Толонбаев 1 774 добуш (6.93%)
№6 Элдар Кудайбердиев 2 221 добуш (8.67%)
№7 Айболот Айдосов 511 добуш (2.00%)
№8 Каныбек Абдикеримов 158 добуш (0.62%)
№9 Касыбек Кыланов 3 308 добуш (12.92%)
№10 баарына каршы 101 добуш (0.39%)

Белгилей кетсек, №5 Ноокат шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 9 талапкер ат салышты.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде чыгарылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан