Москвада Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр-чатак чыгып, 38 жаштагы киши сабалып каза болду. Адам өлүмү менен коштолгон мушташтын жагдайларын иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат Орусиянын тергөө комитетинин борбордук аппаратына жөнөтүлөт. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин (Байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген, ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 29-июнга караган түнү шаардын түндүк-батыш тарабында жабырлануучу менен бир топ адамдардын ортосунда жаңжал чыгып, анын жүрүшүндө каза болгон жаран жабык баш мээ жаракаты түрүндө жаракат алган. Натыйжада жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.
Орус басылмалары окуянын катышуучуларынын баары Кыргыз жарандары экенин жазышууда. Полиция үч шектүүнү кармады. Тергөө иштеринин жүрүшү райондук прокуратуранын көзөмөлүндө.