Кытайдын президенти Казакстанга жана Тажикстанга барат

Кытайдын президенти Си Цзиньпин 2-6-июль күндөрү Казакстан жана Тажикстанга барат. Бул тууралуу кечээ, 30-июнда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июлдан 6-июлга чейин Си Цзиньпин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жана Тажикстандын лидери Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча эки өлкөгө мамлекеттик сапар менен барат.

Мындан тышкары Кытай президенти Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышары айтылат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, иш-чарага Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, БАЭ, Түркия жана Түркмөнстандын лидерлери катышат. Жыйын 4-июль күнү Казакстандын Астана шаарында өтөрү кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан