Акылбек Жапаров Ноокатка тик учак менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров жаратылыш кырсыгы келтирген зыяндын масштабы менен таанышып, селден жабыркаган Ноокат районун тик учак менен кыдырган.

"Селде каза болгон жарандардын туугандары жана жакындары менен жолугушуп, аларга көңүл айтты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өкмөт башчы ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда Ош облусунун жетекчилигине жана тиешелүү мекемелерге өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жапа чеккендерге зарыл жардамды көрсөтүүнү тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан