Каза болгон балдар атайын учак менен жеткирилгенин Чыгыш Казакстан облусунун акимчилиги билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Ош облусунун Ноокат районундагы сел 9 адамдын өмүрүн алып кетти. Каза болгондордун арасында Чыгыш Казакстан облусунан келген балдар да бар.
Каза болгон балдар Ноокатка туугандарыныкына барган болчу.
Бүгүн, 1-июлда сөөктөр атайын учак менен Усть-Каменогорск шаарына жеткирилди. Балдардын жакындарына жардам көрсөтүү боюнча Чыгыш Казакстан облусунун акимчилигинде ыкчам штаб түзүлдү.