Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга 600дөн ашык кызматкер, 60тан ашык техника тартылды 

Бүгүн, 1-июлда Ноокат районунун Көк-Жар, Гулистан, Кулатов, Исанов айыл аймактарында селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштерине ошондой эле Жол тейлөө мекемесинин карамагындагы сел алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүүгө ӨКМден 174 куткаруучу, 14 техника тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, Жарандык коргонуу кызматтарынан 143 кызматкер, 23 техника жергиликтүү тургундардан 350 адам, айыл аймактан 24 техника тартылган.

Ага ылайык, жалпы 667 адам 61 техника менен селдин кесепеттерин жоюу ишин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 28-июнда Ноокаттын Абшыр-Ата айылында сел жүргөн. 29-июнда Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 1300дөн ашуун адам коопсуз жайга чыгарылды.

Ноокат районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.

Ноокаттагы селден каза болгондордун саны тогуз кишиге жетти. Учурда аталган аймакта селдин кесепеттерин жоюу жана үйлөрдү тазалоо иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан