Ал эми адвокаттар Хабиб Нурмагомедов абак жазасына тартылышы мүмкүн экендигин айтышты. Анткени 10 миллион рублдан ашык салык төлөбөй коюу кылмыш деп эсептелинет.
Дагестандык белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов салык кызматына карыз болгону үчүн анын эсеп карталары жабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка караганда, Нурмагомедовдун мамлекетке 297 миллион рубль карызы болгон. Буга чейин орус маалымат каражаттары өлкөнүн эң бай спортчусунун салык кызматына карызы бар экенин жазышкан. Бирок аталган окуя боюнча спортчу азырынчы комментарий бере элек.