Орусияда өзбекстандыктар менен кыргызстандыктар бычакташкан. Шектүүлөр кармалды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстадыктар менен өзбекстандыктар мушташышты. Бул тууралуу Forpost басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 29-июнга караган түнү шаардын Богатырский жана Шуваловский көчөлөрүнүн кесилишинде мушташып жаткан адамдарды жергиликтүү тургун байкап, полицияга кабарлаган.

Окуя болгон жерге келген укук коргоо кызматкерлери Өзбекстандын эки жараны бычакталганын аныкташкан. Ошондой эле алар Кыргызстандан келгендер менен мушташышканы такталган.

Шектүүлөр полиция келгенге чейин Hyundai Solaris унаасы менен качып кетишкен. Бирок алар көп өтпөй күч органдары тарабынан кармалган.

"Мушташтан кыргызстандыктардын бири дагы жабыркаганы аныкталып, ооруканага жаткырылды. Экинчиси тергөөгө алынып келинди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан