Өкмөт башчы Караколго барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 1-июлда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында облусту өнүктүрүүгө багытталган бир катар инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров алгач Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү пландалып жаткан шаардык Жылуулук электр борборуна барды.

Андан соң өкмөт башчы шаардык стадионду толук реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Оңдоп-түзөө иштеринин жалпы суммасы 342 миллион сомду түзөт, анда бардык шарттары бар эки машыктыруучу аянтча, жанаша жайгашкан аймакты жашылдандыруу сыяктуу бир катар иштер жүргүзүлөт.

Мындан тышкары Акылбек Жапаров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, анда аймакты, туризмди, айыл чарбаны жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан