Рамзан Кадыров жээнин жооптуу кызматка дайындады

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 27 жаштагы жээни Хамзат Кадыров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалганын чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматтарга караганда, аталган кызматты буга чейин Кадыровдун аталаш бир тууганы Турпал-Али Ибрагимов аркалап келген. Эми ал өлкө башчысынын буйругу менен Шали районун жетектейт.

"Экөөнүн (Ибрагимов менен Кадыров) тең жетекчилик кызматтарда чоң тажрыйбасы бар жана аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарышат", - деген өлкө башчысы.

Чеченстанда Рамзан Кадыровдун жакындары, туугандары ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан