Бүгүн, 2-июлда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин жолугушуусу өтүп жатат.
Анда тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулайт. Ошондой эле эл аралык мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат.
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев журналисттерге билдиргендей, эл аралык маселелерди камтыган регионалдык коопсуздук, Кыргызстандын азыркы абалы, өнүгүп жаткан ички жана тышкы саясаты, азыр жүрүп жаткан чоң реформалар туурасында сүйлөшүүлөр болот.