Түштүк Корея акыркы алты жылда биринчи жолу Түндүк Корея менен болгон чек арасына жакын жайгашкан ок атуучу полигондордо аскердик машыгууларды өткөрдү. Бул машыгуу бир айга чукул убакыт мурун эки өлкө ортосундагы аскерий келишим токтотулгандан кийин болгонун чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка караганда, артиллериялык системалар катышкан машыгуулар Кёнгидо жана Канвондо провинцияларындагы аскердик жайларда өткөн.
Эки өлкө алты жыл мурда чек арага жакын жерде аскердик машыгууларды өткөрбөө боюнча келишимге кол коюшкан. Тагыраагы, 2018-жылдагы келишимге ылайык, тараптар макулдашылган, чек арага жакын делген аймактарда аскердик машыгууларды өткөрө алышпайт болчу. Ошол эле учурда учактардын кокустан кагылышуусун алдын алуу үчүн учууга тыюу салынган зоналар дагы белгиленген.
Бирок Сеулдун расмий билдирүүсүндө аталган келишимди июнь айынын башында жокко чыгарып, чек арадагы коргонууларды бекемдегенин жарыялаган. Мындай чечим Пхеньяндын таштандыга толтурулган шарларды чек арадан өткөрүү аракетине жооп катары кабыл алынганын билдирген.