Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 2-июлда Казакстанга жумуш сапары менен келди. Кытай лидерин аэропорттон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Бул туурасында "Акорда" сайтына жарыяланды.
Сапардын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жогорку деңгээлде өткөрүү жана бир катар маанилүү документтерге кол коюу каралган.
Си Цзиньпин казак өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен келгени айтылат маалыматта.