Бүгүн, 2-июлда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Газа тилкесиндеги жана Украинадагы кырдаалды талкуулады.
Жапаров Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча резолюциясын колдоорун белгиледи.
Президент ошондой эле Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатканын кошумчалады.
Ал эми баш катчы Гутерриш Газадагы жаңжалдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирип, ага чекит коюлушу керек деп эсептейт.
“Газадагы жаңжалга тыкыр иликтөө жүргүзүү керек. Ал жакта жаңжал Украинадагы окуядан кийин башталса да курмандыктардын саны эселеп көп болууда. Муну токтотуу зарыл. Украинада заманбап куралы бар эң күчтүү армиялардын ортосунда кагылыш жүрүп жатат. Газа тилкесинде андай эмес, бирок ал жакта көп өлүмгө жана чоң кыйроого алып келген системалуу түрдө бомбалоо бар. Биз тынчтык болот деп үмүттөнөбүз”, - деди Гутерриш.
Баш катчы өз сөзүндө Ливандын дагы бир Газага айланышына алып келе турган эскалацияга тынчсызданып жатканын кошумчалады.