Бүгүн, 2-июлда президент Садыр Жапаров жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Ысык-Көлдү бойлото теплоходдо бейформал жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, теплоход менен сейилдегенден кийин Садыр Жапаров менен Антониу Гутерриш “Номад” этно-комплексиндеги этномаданий программа менен таанышты.
Ага ылайык, улуттук стилде жасалгаланган боз үй шаарчасы кыргыз улуттук кол өнөрчүлүгүнүн ар түрдүүлүгүн көрсөттү.
"Жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышуу учурунда өлкө башчы Антониу Гутерришке кыргыз баш кийимин — ак калпакты белекке берди", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жогорку даражалуу коноктор үчүн ат оюндары, жаа атуу, тайгандар жана бүркүттөр менен мергенчилик уюштурулду. Маданий иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.