Бүгүн, 2-июлда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна Швейцария Конфедерациясынын тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис расмий сапары менен учуп келди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалым болгондой, алкагында 2024-жылдын 3-июлунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрү пландалып, кыргыз-швейцария кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.
"Ошондой эле Федералдык департаменттин башчысы Иньяцио Кассис президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуусу күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.