Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу узартылды

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу 30-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, райондук сот Бишкектин Биринчи май администрациясынын тынч чогулуштарды өткөрүүнү чектөө тууралуу арызын 28-июнда карап, канааттандырган.

Митингге чыгууга болбой турган жайлар:

  • "Ала-Тоо" аянтында;
  • Эркиндик кең көчөсү: Темир жолдон Чүй кең көчөсүнө чейин;
  • Президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңештин имаратынын жанында;
  • Панфилов паркында;
  • Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
  • Жогорку соттун алдында;
  • Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
  • УКМК жана ИИМ имараттарынын жанында.

Райондук сот ар кандай акцияларды Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилгенин кошумчалады.

Эске салсак, сот буга чейин акимияттын ушундай өтүнүчүн 29-мартта карап, чектөөнү 1-апрелден 30-июнга чейин узарткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан