Путин Астанага келди. Аны Казакстандын өкмөт башчысы тосуп алды

Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын Астана шаарына келди. Аны аэропорттон аталган өлкөнүн премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алганын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, анда Путин ШКУнун мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Казакстан тараптын төрагалыгы астында өтө турган Кеңештин жыйынына Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Пакистан, Индия, Беларустун (Беларусь бул отурумда ШКУга мүчө-мамлекет статусун алуу процедурасынын аякташын күтүүдө) башчылары катышат.

Буга чейин ШКУнун кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астанага Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин келгени маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан