Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти

Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти. Бул тууралуу аталган федерация билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июлда федерациянын кезексиз жыйыны болуп, анда Зулушев кызматтан өз каалоосу менен кеткени кабарланган.

"Бул сунушту туура деп тапкан Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын жетекчилигине жаш, энергиялуу жетекчи керектигине ынанып, кызматын өткөрүп берүү чечимин кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жыйынында Зулушевдин ордуна Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин сунуштоо каралып, бир добуштан колдоо тапкан.

"Натыйжада, Абылкасымовдун талапкерлиги 17-июль күнү боло турчу Көк бөрү федерациясынын конферециясында сунушталат. Ага чейин федерациянын президентинин милдетин биринчи вице-президент Нурлан Максүтов аткарат", - деп билдирди федерация.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан