Жапониялык окумуштуулар кумурскалардан адамдык жүрүм-турум белгисин табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Ага ылайык, "Camponotus floridanus" түрүндөгү кумурскалар медициналык ампутация (бутту алып салуу менен байланышкан хирургиялык процедура) жасаган алгачкы курт-кумурскалар болгонун далилдешти.
Бул кумурскаларда жарааттарды дарылоо үчүн антибиотик зат бөлүп чыгаруучу атайын бези бар экени айтылат.
"Эксперттер изилдөө учурунда кумурскалардын бутун жарадар кылышкан. Анда жанындагы кумурска жарадар кумурсканын буту толук түшүп калганга чейин тиштеп турган. Адистердин айтымында, мындай ыкма алардын жашап кетүү көрсөткүчүн жогорулаткан", - деп жазылат анда.
Мындан тышкары курт-кумурскалар жарааттын абалына жараша дарылоо стратегияларын өзгөртө аларын көрсөтүшкөн. Эгерде буттун абалы бузулуп баратса, курт-кумурскалар ампутациядан баш тартып, жараатты жалоо менен чектелишкени маалымдалат.