Кыргызстанда 20-апрелден 1-июлга чейин 236 ирет сел катталып, келтирилген чыгым 170 миллион сомдон ашты. Бул туурасында кечээ, 2-июлда минкаб башчысы Акылбек Жапаров өткөргөн кеңешмеде айтылды.
Өкмөттөн билдиргендей, жыйында Ноокат районунда селдин кесепеттерин жоюу талкууланды.
Анда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев учурдагы кырдаал боюнча маалымат беришти.
Ажыкеевдин айтымында, ушул жылдын 20-апрелинен 1-июлуна чейин 236 сел катталып, андан келтирилген чыгым 170 миллион сомдон ашык болгон.
Транспорт жана коммуникациялар министри селдин кесепетинен бир нече чакырым жол, ошондой эле 9 көпүрө бузулуп, анын бири толугу менен талкаланганын билдирди.
Акылбек Жапаров алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана мүмкүн болуучу сел коркунучтарына даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.
Мындан тышкары селдин алдын алуу боюнча конкреттүү иш-чаралар (коргоочу курулмаларды куруу, дарыялардын жээктерин бекемдөө, мониторинг системаларын орнотуу жана эрте эскертүү маселелери) талкууланды.
Буга чейин жергиликтүү маалымат булактары өлкөдө 20-апрелден 1-июлга чейин 236 ирет сел жүрүп, 17 адам каза болгонун жазышкан.