Индияда дарыгерлер тогуз жаштагы баланын бутуна операция жасоонун ордуна жаңылыштык менен сүннөткө отургузуп алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматтарга караганда, Тхана шаарынын тогуз жаштагы тургуну май айында достору менен ойноп жатып бутунан жаракат алган. Июнь айынын ортосунда буту дагы эле ооруп жаткандыктан ал мамлекеттик ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер баланын бутуна операция жасоонун ордуна аны сүннөткө отургузуп коюшкан.
Баланын ата-энесинин айтымында, көп өтпөй дарыгерлер жаңылыш жасалганын билип, кайрадан баланын бутуна операция жасап беришкен. Ага карабастан баланын ата-энеси ашыкча жасалган операция үчүн дарыгерлердин үстүнөн арыз жазган.
Ал эми бул окуя боюнча дарыгерлер журналисттерге баланын бутунан алган жаракатынан тышкары фимоздун оор түрү табылганын, ошол себептүү эки операция жасашыбыз керек болчу деп түшүндүрүшкөн.
Ошондой эле дарыгерлер бул жагдайды баланын ата-энесине эскертип коюуну унутуп коюшканын билдиришкен.
Учурда окуяга байланыштуу ооруканада текшерүү иштери жүрүп жатат.