АКШнын президенти Жо Байден мурдагы президент Дональд Трамп менен болгон алгачкы дебаттагы начар көрсөткүчүн дебатка аз калганда чет өлкөгө барганы менен түшүндүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен дүйнөнү кыдырууну чечип, өтө акылдуу иш кылган жокмун. Жардамчыларымдын айтканын укпай коюп, сахнада уктап кала жаздадым", - деген Жо Байден иш-чаралардын биринде.
Ошондой эле өлкө лидери дебаттагы иш-аракети үчүн кечирим сурап, "бул шылтоо эмес, түшүндүрмө" деди. Ошол эле учурда ал өзүнүн аракетин ийгиликсиз болгонун моюнга алып, бирок бул көрсөткүч шайлоодо жеңишке жетүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, 27-июнда Жо Байден жана Дональд Трамптын президенттик шайлоо алдындагы алгачкы дебаты болуп өткөн. Теледебатта тышкы саясат, ички экономика сыяктуу маселелер боюнча талашып тартышып, бири-биринин жеке жашоосун айтышууга чейин барышкан.
Дебаттан соң либералдык серепчилер жана коомчулук башка талапкерди көрсөтүүнү талап кыла башташкан.
Эми кийинки дебат ABC News телеканалында 10-сентябрда өтөт.