Таиланд бийлиги спирт ичимдиктерин күндүзү сатууга коюлган чектөөнү алып салышы мүмкүн. Бул туурасында чет өлкөлүк басылмалар Таиланддын премьер-министри Сеттха Тхависинге таянып жазып жатат.
Маалым болгондой, аталган өлкөдө 1972-жылдан бери алкоголдук ичимдиктерди саат 14:00дөн 17:00гө чейин сатууга тыюу салынган.
Өкмөт башчы Сеттха Тхависин ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда ишкерлер премьер-министрге эксплуатациялык чыгымдардын жана азык-түлүктүн кымбатташынан улам нааразычылыгын айтышкан.
"Муну (алкоголдук ичимдиктерди күндүз сатууга тыюуну алып салуу) карап көрөм. Өкмөт туризмди өнүктүрүүгө аракет кылып, ал дагы көбүрөөк киреше алып келет деп үмүттөнүүдө", - деген өкмөт башчы.
Аталган өлкөдө алкоголдук ичимдиктерди түнкү саат 23:00дөн кийин сатууга да тыюу салынганы айтылат маалыматта.