Газа согушу: Палестиналыктар Хан-Юнисттен качышууда

Израил аскерлеринин буйругу менен палестиналыктар Хан-Юнисти таштап кетүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

БУУ мындай масштабдагы эвакуация карапайым калкты азап-кайгыга батырып, гуманитардык муктаждыктардын ого бетер көбөйүшүнө алып келерин билдирди.

Миңдеген палестиналык ЦАХАЛдын талабы боюнча Хан-Юнистинин чыгышынан борбордук бөлүктөрүндөгү гуманитардык аймагына жайгашууда.

БУУнун баш катчысынын маалымат кызматы анын аймактагы кесиптештери кырдаалга катуу тынчсызданып жатканын билдирди.

"Бул анклавдын тургундары Израилдин ХАМАС террордук тобуна каршы операцияларына байланыштуу үйлөрүн жана убактылуу баш калкалоочу жайларын таштап кеткен биринчи учуру эмес", - деп айтылат маалыматта.

Израиль армиясы шейшемби күнү Газадагы карапайым калктын басымдуу бөлүгү учурда Израилдин гуманитардык аймагында жашап жатканын билдирди.

Ошол эле күнү палестиналык дарыгерлер Газа тилкесинин борборундагы Дейр-эль-Балах шаарында Израилдин аба соккусунан кеминде сегиз киши набыт болгонун кабарлашты. Алардын арасында төрт жаш бала жана эки аял бар. Набыт болгон палестиналыктар ички жер которгондор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан