"200 метр бийиктикте болгон". Москвада кранчы жумуш учурунда эс-учун жоготуп, каза болду (видео) 

Москвада дээрлик 200 метр бийиктикте мунара кранынын кабинасында кранчы каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Басылмалардын айтымында, кранчы "High life" турак жай комплексинин курулушунда иштеген. Бүгүн эртең менен жумуш күтүлбөгөн жерден токтоп калганда кесиптештер кабатка чыгып, эс-учун жоготкон адамды көрүшкөн. Ал 32 кабаттан да бийиктикте болгондуктан, окуя болгон жерге куткаруучуларды чакырууга туура келген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келип, альпинизмдик жабдыктар менен өйдө көтөрүлгөндө ал киши каза болгонун аныкташкан.

Москвада кранчы эс-учун жоготуп, каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан