Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Өлкө башчысы Астанада Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдиргендей, Кеңештин жыйыны 4-июлда өтөт. Анда өлкө лидерлери көп тараптуу жана көп вектордуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык саясатты талкуулашат.
Мындан тышкары Садыр Жапаров ШКУ саммитинин талааларында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Расмий делегациянын курамындагылар:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;
- президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
- тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Кыргызстандан ШКУнун улуттук координатору Казыбек Кочконов.