Өзбекстанды Казакстан менен туташтырган 310 метрлик тоннель табылды (видео)

Ташкент облусунун тургунунун үйүнөн Казакстанга өтүүчү тоннель табылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Индиядан сапаты күмөн жараткан дары-дармектер Казакстанга жеткирилип, ал жерден тоннель аркылуу Өзбекстанга кирип турган.

Күч органдары аткезчилик жол менен товар ташып келишкен кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жалпы 1 миллирад 94 миллион сумдук товар менен кармашкан.

Узундугу 310 метрге жеткен тоннель аткезчилик товарларды ташууга ылайыкташылган. Тагыраагы, жер алдындагы жол желдетүү жана жарыктандыруу системалары менен жабдылган жана ал жерде жүк ташуу үчүн арабалар менен аркандар болгон. Аталган шахта жолу Өзбекстандын Ташкент облусунун Орикзор аймагын Казакстандын Сарыагаш районунун Достык айылы менен туташтырып турган.

03.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан