Дагестанда бетти жапкан кийим кийүүгө убактылуу тыюу салынды 

Дагестанда никаб кийүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу республиканын муфтиятынын маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, муфтияттын фатва бөлүмү никаб кийүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алган.

"Аныкталган коркунучтар жоюлуп, жаңы диний корутунду чыкканга чейин убактылуу тыюу салынды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Дагестандын муфтийи Ахмад Абдулаев аймакта толук тынчтык орногонго чейин никаб кийүүгө тыюу салуу боюнча диний-укуктук корутунду чыгара турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан