Бүгүн, 3-июлда президент Садыр Жапаров Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары тереңдетүү, ошондой эле тоо-кен тармагында жана туризм чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы акыркы жылдары Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий диалогдун активдешүүсү байкалганын, бул эки өлкөнүн кызматташтыгынын кеңири спектрин тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн баса белгиледи.
Бул контекстте соода-экономикалык кызматташтык алдыңкы планга чыгып жатканын мамлекет башчысы белгилеп, Кыргызстан үчүн Монголия менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү - эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири экенин кошумчалады.
Ага ылайык, өлкө башчы Кыргызстан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүүгө багыт алып жатканын жана Монголиянын рыногунда суроо-талапка ээ болгон жогорку сапаттагы жана экологиялык жактан таза продукцияны сунуштай аларын белгиледи.
Мындан тышкары ал эки тараптуу мамилелерди мындан ары жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Монголиянын лидерин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Өз кезегинде Ухнаагийн Хурэлсух Монголия Кыргызстан менен кызматташтыкты эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын баса белгиледи.
"Муну менен катар Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстан менен транспорттук-логистикалык, билим берүү жана өз ара кызыкчылык туудурган башка чөйрөлөрдү өнүктүрүү боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жагын карап чыгууну сунуштады", - деп айтылат маалыматта.
Сөзүнүн аягында Монголиянын лидери президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыруусун кабыл алды.