Садыр Жапаров Астанада Кытайдын төрагасы менен жолукту

Бүгүн, 3-июлда Садыр Жапаров Астана шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында Кыргызстан менен Кытай көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү маселелерин жана Кыргызстан 2024-2025-жылдары ШКУга өлкөнүн төрагалыгынын алкагында Кытай менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин айтты.

Кытай - Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири, жылдан жылга эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалууда.

Садыр Жапаров "Бир алкак - бир жол" демилгесинин негизги түзүүчүсү болгон "Кытай-Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун белгилеп, анын өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жана өнүгүүнүн символу катары маанисин баса белгиледи.

"Ал "Бедел" өткөрмө пунктунун ачылышы Кытай өкмөтүнүн 2024-жылга карата планына киргизилгенин, эми Кытай тараптын ички процедураларынын аякташы күтүлүп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ошону менен бирге ал "Барскоон-Үчтурфан-Аксу" автожолунун каттамынын ТЭНин түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады",-деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинди өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Си Цзиньпин белгилегендей, Кытай өнүккөн Кыргызстанга кызыкдар жана жүргүзүлүп жаткан реформаларда өлкөнү колдойт. Кытай тарап Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр.

Ошондой эле ал өз ара сооданы эки эсеге көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн жана Кыргызстандан экологиялык таза продукцияны импорттоо үчүн Кытай рынокторунун ачык экендигин белгиледи.

Ошону менен бирге Кытайдын лидери Ош–Кашгар авиакаттамынын ачылышын колдоого даяр экендигин айтты.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоору тууралуу айтып жатып, Кытай лидери жакында бул долбоорду биргелешип жылдырууда кызматташуу жөнүндө үч тараптуу өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу укуктук негиз түзгөнүн белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорттук-логистикалык, инвестициялоо жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин козгошту.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы Айыл чарба продукциясын экспорттоо, регионалдык өз ара аракеттенүү жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу документтерге кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан