"Евро-2024": Стадиондун кызматкерлери Роналдунун күйөрманын сабап салышты

Футбол боюнча Европа чемпиондугунун плей-офф оюндарынын биринде стадиондун кызматкерлери күйөрмандарга кол салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Социалдык тармактарда үрөй учурган видео тасмалар пайда болду. ЖМКлар бул видео Португалия менен Словениянын 1/8 финалдык беттешинде тартылганын айтышууда.

The Athletic басылмасынын маалыматына караганда, окуя матчтын кошумча убактысында, Криштиану Роналду пенальтиде гол киргизе албай калгандан кийин болгон.

Учурда немис полициясы окуяны иликтеп жатат.

Ага карабастан Португалия Словенияны пенальтилер сериясында (0:0, пенальти боюнча 3:0) жеңип, чейрек финалга өттү. Чейрек финалда португалиялыктар Франция курамасы менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан