Атыраудагы оюн-зоок паркында беш бала жабыркады. Окуя Керемет паркында 2-июль күнү кечинде болгон. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Анда "Форсаж" аттракционунун бир бөлүгү кулап, адамдарды басып калган.
Атырау облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришкендей, беш бала облустук ооруканага жаткырылган. Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин төртөө үйүнө жөнөтүлүп, бир бала ооруканада калган.
"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 306-беренесинин 2-бөлүгү (Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү) менен кылмыш иши козголду", - деп билдирди полиция кызматкерлери.