Дүйнөлүк рекорд коюп... Интернетте адаттан тыш көпүрөнүн видеосу тарады

Кытайда Шэньчжэнь–Чжуншань линиясы ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, анын узундугу 24 чакырымды түзүп, суу астындагы тоннель, эки көпүрө жана жасалма аралды камтыйт.

"Жаңы деңиз коридору Чжуншань шаары менен Шэньчжэнь технологиялык борборунун ортосундагы жол убактысын 2 сааттан 30 мүнөткө чейин кыскартат. Көпүрө саатына 100 чакырымга чейин ылдамдыкта жүрүүгө ылайыкталган сегиз тилкеден турат", - деп жазылат анда.

Шэньчжэнь–Чжуншань көпүрөсүнүн болжолдуу баасы 6,7 миллиард долларды түзөт. Жогорку деңгээлдеги туздуулук, нымдуулук жана дайыма болуучу тайфундардын шарттарында курулгандыктан, деңиз аралык кластерлерди түзүү боюнча дүйнөдөгү эң татаал долбоорлордун бири болуп эсептелет.

Бул көпүрө 10 жаңы дүйнөлүк рекордду коюп, алгачкы деңиз астындагы экспресс жол болуп саналары айтылат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан