Конгодо 25 жоокер согуш талаасынан качканы үчүн өлүм жазасына тартыла турганын чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка караганда, Конго мамлекетинде козголоңчуларга каршы согушуп жатып "душмандан качты" деп айыпталган 25 аскерге сот өлүм жазасын чыгарган. Мындай айып менен жалпы 27 аскер жана алардын 4 аялы шектелген. Бирок аскер соту 25 жоокерди, анын ичинде 2 капитанды күнөөлүү деп таап, өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарган. Ал эми 2 аскер кызматкери жана 4 аял далилдер жетишсиз болгондуктан акталган.
Соттук отурумда өлүм жазасына буйрулган айыпталуучулардын жактоочулары бул чечимге макул эмес экенин айтышып, бул боюнча даттануу ниетин билдиришкен.