"Евро-2024": Австрияга эки гол киргизген түрк футболчусуна кылмыш иши козголушу мүмкүн

Түркия-Австрия беттешинде эки гол киргизген түрк футболчусу Мерих Демиралга "Бозкурт" кыймылынын символикалык ишаратын көрсөткөнү үчүн кылмыш иши козголушу мүмкүн. УЕФА иликтөө баштаганын расмий сайтына жазды.

Маалыматка ылайык, футбол боюнча Европа чемпиондугунун беттешинде Демирал экинчи ирет гол киргизгенден кийин Түркиядагы "Бозкурт" кыймылы менен байланыштырылган "көк карышкыр" символун эки колу менен көрсөткөн. Анын бул ишараты үчүн УЕФА иликтөө баштаган.

Ал эми футболчу бул жосуну менен эч кандай чакырык жасабаганын айткан.

Белгилей кетсек, кол менен көрсөтүлгөн мындай ишарат Австрияда "экстремизм жана саясий ислам менен күрөшүү" деген жүйө менен тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан