Т-64 танкы менен Орусияга өтүп кеткен украиналык танкистке Орус жарандыгы берилди

Т-64 танкы менен Орусияга өтүп кеткен украиналык танкистке Орус жарандыгы берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

"Украинанын танкисти Максим Лихачев ушул жылдын май айында Донецкте уурдалган Т-64 танкы менен белгиленген жерге жеткенде орус аскерлерине багынып берген. Ал орус жарандыгын алуу үчүн арыз жазган. Эми ал Орусиянын жараны болду", - деп жазылат орус басылмаларында.

Лихачев ТАСС агенттигине берген маегинде орус жарандыгын алууну чыдамсыздык менен күткөнүн айткан.

"Мен бул үчүн көп жылдардан бери иштеп келгем. Муктаж болгондорго жардам бере алган эркин жана күчтүү өлкөнүн бир бөлүгү болуп калганым толкундатып жатат", - деген танкист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан