АКШнын президенти Жо Байден алдыда боло турган президенттик шайлоого катышуудан баш тартпай турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка караганда, Байден мындай билдирүүсүн өзүнүн штабы жана Демократиялык партиянын улуттук комитети менен видеоконференция өткөрүп жатып жасаган.
"Мүмкүн болушунча түз, даана айтайын: шайлоого катышам. Мен Демократиялык партиянын талапкеримин. Мени эч ким кубалаган жок", - деген ал.
Буга чейин Байдендин АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен болгон алгачкы дебаттагы начар көрсөткүчү партиялаштарынын нааразычылыгын жараткан. Дебаттан соң либералдык серепчилер жана коомчулук башка талапкерди көрсөтүүнү талап кыла башташкан. Ал эми Демократтар президентке шайлоо жарышынан четтөө өтүнүчү менен кайрыларын жазышкан.
Белгилей кетсек, АКШдагы президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.