Индонезиянын Сулавеси аралында чоң питон жылан 30 жаштагы аялды жутуп алган. Бул туурасында дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, кырсык жергиликтүү Ситеба айылында болгон. Бул жайдын башынан бери бул аймактагы экинчи окуя болуп, бийликти тынчсыздандырууда.
"Сириати аттуу аял баласына дары-дармек сатып алуу үчүн эртең менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Ага тынчсызданган үй-бүлөсү издөө иштерин баштаган. Жыйынтыгында 7 метрлик шишиги бар питонду табышкан. Жыландын ичин жарышканда жоголгон жарандын денеси чыккан", - деп жазылат маалыматта.