Садыр Жапаров Астанадагы Эгемендик сарайына барды (видео)

Президент Садыр Жапаров Астана шаарында ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Эгемендик сарайына барды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Бүгүн, 4-июлда өтүп жаткан Кеңештин жыйынында өлкө лидерлери көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык саясатты талкуулашат.

Казакстан тараптын төрагалыгы астында өтө турган Кеңештин жыйынына Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Пакистан, Индия, Беларустун (Беларусь бул отурумда ШКУга мүчө-мамлекет статусун алуу процедурасынын аякташын күтүүдө) башчылары катышат.

04.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан