Беларусь мамлекети Шанхай Кызматташтык Уюмунун толук кандуу мүчөсү болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда өтүп жаткан ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында белгилүү болду.
Маалым болгондой, тиешелүү документке ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Астанадагы самитте кол коюшту.
"Урматуу өлкө башчылары, Беларусь өлкөсү Шанхай Кызматташтык Уюмунун толук кандуу мүчөсү болгону жөнүндө чечим кабыл алынды", - деген Токаев беларусь президенти Александр Лукашенкону куттуктады.
Самитте өлкө лидерлери көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык саясатты талкуулашат.