Токиодо эки эркек киши кымбат баалуу косметика каражаттарын уурдаганы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Андагы маалыматка караганда, аларды 25 жылга соттошкон. Кылмышкерлер 2023-жылдын ноябрь айынды Тиёда районундагы дүкөнгө кирип, кымбат баалуу 36 товарды уурдап кетишкен, уурдалган буюмдардын жалпы баасы 5 миң долларды түзгөн.
Сурак учурунда алар уурдалган товарларды дүкөнгө сатышканын айтышып, күнөөсүн моюнуна алышкан.
Ошондой эле тергөө учурунда алардын башка уурулукка дагы тиешелери бар экени аныкталган. Жалпы алар бир жылга жакын убакытта 123 миң долларлык товар уурдашканы айтылган.