Бүгүн, 4-июль күнү Бишкек шаарынын Административдик сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча аппеляциялык арызы каралат.
Мадумаров депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы Бишкектин Административдик сотуна 29-апрелде апелляциялык арыз берген.
Сотко Адахан Мадумаровдун жактоочусу жана анын тарапташтары келди.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелдеги жыйынында парламент депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
26-мартта Биринчи май райондук сотунда ага карата өкүм чыккан.
Чечимге ылайык, ал коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.
Мадумаров райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес жана 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыккан.