Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал Саммитине катышат.

"Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы "Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу" болуп саналат.

Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөөнү талкуулашат", - деди Азымбакиев.

Саммиттин ишине уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин – Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, Түркиянын жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан