Бүгүн, 4-июль күнү Свердлов райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча апелляциялык арызы каралды.
Мадумаровдун жактоочусу Сейитбек Довлатов SUPER.KG порталына билдиргендей, Мадумаровдун аппеляциялык арызы канааттандырылган жок.
“Бишкек шаарынын Административдик соту БШКнын Мадумаровдун мандатынан ажыратуу чечимине карата апелляциялык арызыбызды канааттандырган жок. Азырынча БШКнын чечими күчүндө, 10 күндүн ичинде кайра кайрылабыз. Бизде буга убактыбыз да, укугубуз да бар”, - деди ал.
Ошондой эле жактоочу Биринчи май райондук сотунун Мадумаровго чыгарган өкүм күчүнө кире электигине карабай шашылыш түрдө мандатынан ажыратып салганын белгилеп, мындай чечим көптөгөн күмөндүү суроолорду жаратып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелдеги жыйынында парламент депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
26-мартта Биринчи май райондук сотунда ага карата өкүм чыккан.
Чечимге ылайык, ал коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.
Мадумаров райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес жана 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыккан.